USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

Кербен шаарына 29 жаштагы жаңы мэр дайындалды

09:27, 01 июля 2025, Бишкек - 24.kg

Кербен шаарына жаңы мэр дайындалды. Жаныш Раимжанов мэр болуп дайындалганын муниципалитет билдирди.

Бир күн мурун ал аппарат жана шаардык кызматтардын кызматкерлери менен тааныштырылды.

Жаныш Раимжанов 29 жашта. Ал Майлуу-Суу шаарында төрөлгөн. Ош мамлекеттик университетин экономист адистиги боюнча аяктаган. Мындан тышкары Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында да окуган.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ош облустук аймактык башкармалыгында, мамлекет башчысынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында, Жалал-Абад шаардык мэриясында иштеген.

Кербен шаарынын мурдагы жетекчиси Эрнест Зиядинов берген арызына ылайык, кызматынан өз каалоосу менен кетти

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика