USD87.45EUR98.34RUB1.04
24.kg

Ысык-Көлдө 20 миллион сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

11:24, 30 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун прокуратурасы тарабынан жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, райондук прокуратура тарабынан Ново-Вознесеновка айылынын аймагында жүргүзүлгөн текшерүүдө айыл чарба багытындагы 29,4 га жер тилкеси «А» дыйкан чарбасынын жеке менчигине мыйзамсыз өтүп кеткендиги аныкталган.

Айыл чарба багытындагы жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде баасы 20 млн 801 миң сомду түзгөн жогоруда белгиленген айыл чарба багытындагы жер тилке мамлекеттик менчикке кайтарылды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18