13:22, 27 июня 2025, Бишкек - 24.kg
Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин ректору болуп Сергей Волков шайланды. Бул тууралуу окуу жайдын башкаруу кеңешинин уюштуруу жыйынынын жыйынтыгы боюнча басма сөз кызматы билдирди.
Анын талапкерлиги бир добуштан колдоого алынганын КРСУдан 24.kg агентигине билдирди. Бул кызматка үч талапкер ат салышкан.
Ал эми 2024-жылдын октябрынан бери Сергей Волков университеттин ректорунун милдетин аткарып келген.
Эске салсак, 26-июнда КРСУнун Камкорчулар кеңешинин жыйыны өтүп, анда кеңештин жаңы курамы шайланган. Вице-премьер-министр, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев төрага болду. Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков анын орун басары болуп бекитилди.