17:24
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

ТИМ Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарды кайрадан эскертет

Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кооптуу аймактагы өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына жеке коопсуздук чараларын сактоону дагы бир жолу сунуштайт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандык жарандарга төмөнкү эрежелерди сактоо сунушталды:

— өзгөчө этият болуу;

— адамдар көп чогулган жерлерден алыс болуу;

— аскердик жана стратегиялык объекттерге жакын барбоо;

— кырдаал турукташканга чейин бул өлкөлөргө барууну пландоодон баш тартуу;

— авиакаттамдардын статусу боюнча маалыматты үзгүлтүксүз текшерип туруу.

Өзгөчө кырдаал жаралганда же консулдук жардамга муктаж болгон учурда Кыргызстандын дипломатиялык жана консулдук мекемелерине, ошондой эле КР ТИМдин Консулдук департаментине дароо кайрылууну өтүнүбүз:

— Кыргызстандын Дубай шаарындагы Башкы консулдугу: +971 58 881 3567;

— Кыргызстандын Катардагы элчилиги: +974 5066 7001;

— Кыргызстандын Кувейттеги элчилиги: +965 5170 2180;

— Кыргызстандын Сауд Арабия Падышачылыгындагы элчилиги: +966 58 376 9945;

— Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчилиги: +971 2558 4955;

— Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги: +90 545 689 68 00;

— Кыргызстандын Ирандагы элчилиги: +98 935 250 52 26;

— Кыргызстандын ТИМинин Консулдук департаменти: +996 999 312 002.

Эң көп окулган жаңылыктар