Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана депутаттар Ош облусунун Ноокат районундагы Беш-Коргон айылындагы авариялык абалдагы мектептин абалы менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 125 орунга ылайыкталган окуу имараты 2007-жылы ашар жолу менен курулган. Бирок акыркы жылдары дубалдарында жаракалар пайда болуп, авариялык абалга кептелген. Андыктан, учурда 300гө жакын окуучу билим алган мектепке кошумча имарат куруу зарыл.
Өзү да кезинде мектептин жоктугунан төрт чакырым жөө басып барып, жол чарба департаментинин имаратында ачылган билим берүү жайында окуганын эске салган Төрага: «Мектеп көйгөйүн жакшы билем. Окууга керектүү шарттардын жоктугу окуучулардын терең билим алуусуна кедергисин тийгизет. Ошондуктан, мамлекет тарабынан аталган маселеге астейдил көңүл бурулуп, акыркы жылдары жаңы мектептердин курулушу жигердүү жүргүзүлүүдө. Буйруса бул айылга да жакынкы аралыкта жаңы мектеп курулат», — деди.
Муну менен катар авариялык абалдагы имаратта иштеп жатышкандарына карабай, балдарга жакшы билим берип жаткан мугалимдер жамаатына ыраазычылыгын билдирген Төрага: «Эки агартуучу республикалык деңгээлде мыкты мугалим аталса, окуучуларыңыздардын айрымдары олимпиадаларда алдыңкы орунду багынтып жатышыптыр. Бул сиздердин талыкпаган аракетиңиздердин жемиши деп билебиз. Мындан ары да жигердүү иштеп, мыкты уул-кыздарды тарбиялай бериңиздер. Биздин башкы байлыгыбыз тоолордогу кендерибиз эмес, жети миллион калкыбыз. Айрыкча келечек муундар алдыңкы кылымдарда алтын фондубуз болуп берери анык», — деди.