Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Жар айылындагы оорукананын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган саламаттыкты сактоо мекемесинин курулуш иштери 2021-жылы эле башталып, алгач 75 млн сом бөлүнгөн. Бирок курулушту жүргүзгөн компания тарабынан жасалган иштердин отчету убагында берилбегендиктен каржылоо иши убактылуу токтотулган. Ишти аягына чыгаруу үчүн дагы 117 млн сом керек. Ал арада курулушту жүргүзгөн компаниянын Каржы министрлигинин алдындагы дебитордук карызы 17 млн сомго жеткен.
Муну менен катар курулуштун сапатына да дыкат көңүл бурулушу керектигин айткан Нурланбек Тургунбек уулу убакыт созула берсе буга чейин жасалган иштер да зыянга учурап калуу коркунучу бар экенин кошумчалады.
«Андыктан, тармакты тейлеген министрликтер керектүү чараларды кабыл алып, оорукананын курулушун тез арада бүткөрүлүшү кажет», — деди Жогорку Кеңештин Төрагасы.