Ош шаарынын мэри үч эмдин ата-энелерине батирдин ачкычын тапшырды

13:32, 19 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев үч эмдин ата-энелерине убада кылынган 100 чарчы метр 3 бөлмөлүү батирдин документтерин тапшырды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, балдардын апасы Рахат Исаева Ош шаарынын тургуну. Анын жалпы 6 баласы бар: 5 уул, 1 кыз. Ал 2022-жылы үч эм төрөдү.Балдар учурда үч жашта. Алардын ысымдары Алмаз, Аслан жана Агнар.

Ош мэриясынын басма сөз кызматы. Батирдин ачкычын тапшыруу