Бүгүн Бишкектин түштүк бөлүгүндө таза суу жок болот

08:30, 18 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 18-июнда Бишкектин түштүк бөлүгүндө таза суу жок болот.

Мэриянын маалыматы боюнча, Байтик баатыр — Ала-Арча дарыясы — Саманчин — Байтик баатыр көчөсүнүн батыш тарабы — Ала-Арча 3-кичи районунда саат 10:00 — 23:00 аралыгында турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык объектилерде суу болбойт.

Бул чектөө авариядан кийинки оңдоо иштери менен байланыштуу болууда.