USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

«Борбор Азия-Кытай» саммити: Садыр Жапаров Си Цзиньпин менен Астанада жолугушат

08:30, 17 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу боюнча «Борбор Азия - Кытай» экинчи саммитинин ишине катышат.

Саммитке Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары, ошондой эле Кытайдын төрагасынын катышуусу мерчемделүүдө.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда  Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен Астанада жолугушуу өткөрөт.

Саммит Борбор Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелеринин бардык спектри боюнча пикир алмашуу максатын көздөйт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика