Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында муздак суу өчүрүлөт

08:00, 17 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 17-июнда Бишкек шаарындагы турак үйлөрдө жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде саат 9:00дөн 20:00гө чейин ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Өчүрүүдөн жабыркаган абоненттер:

«Чыгыш-5» кичирайону — Төрөкул Айтматов көчөсүндөгү No23, 24, 25, 26, 55 турак үйлөр, «Фастфуд».

Өчүрүү аварияны жоюуга жана «Чыгыш-5» кичи районундагы 300 миллиметрлик суу түтүгүн алып салууга байланыштуу.