ЖКнын мурдагы депутаты Кенжебек Бокоев бир айга камакка алынды

18:26, 11 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кенжебек Бокоевдин баш коргоо чарасы бир айга узартылды. Бул тууралуу 24.kg агентигине Талас шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, экс-депутат 9-июлга чейин камакта болот.

Эске салсак, Кенжебек Бокоев коррупцияга шектелип кармалган. Бирок милиция кылмыш ишин козгоонун так себебин билдирген жок.

Кенжебек Бокоев Жогорку Кеңештин V жана 6-чакырылышынын депутаты, «Республика Ата Журт» партиясынан шайланган.