Камактагы министрлердин биринин Бишкекте 100 батири бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медер Алиев билдирди.
Ал белгилегендей, камактагы мурдагы аткаминерлердин жакындары депутаттарга кайрылып жатышат.
«Алар жардам сурап, ишти акыйкат кароону суранып жатышат. Бирок мен бир аз уят болуш керек деп айтат элем. Атын атабай эле коёюн, сот өкүмү чыккыча баары күнөөсүз деп эсептелинет. Жакында эле камалган министрлердин биринин борбордо 100 батири бар. Муну эл айтып жатат. Мен мамлекеттик кызматта иштеп жүргөндө кантип аларга ээ болдум, ошол үчүн мыйзам чегинде жоопко тартылышын талап кылдым», — деди ал. Медер Алиев.
Эл өкүлү кайсы министр тууралуу айтып жатканын, качан жана эмне үчүн кармалганын тактаган жок.