Шашылыш билдирүү. Бишкекте күн күркүрөп, катуу шамал болушу күтүлөт

13:08, 11 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жакынкы үч саатта жана кечке маал өткүн өтүп, күн күркүрөп, катуу шамал болорун ӨКМ билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды этият болууга, бак-дарактарга жана электр чубалгыларына жакын болбоого, мүмкүн болсо аба ырайынын катаал маалында үйдөн чыкпоого чакырат.