Кыргызстанда жеңил өнөр жай тармагында 128 миң адам эмгектенет

12:55, 09 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Жыл сайын 8-июнда Кыргызстанда ИДПга кошкон салымы аз болгонуна (1 пайызга жакын) карабастан, экономиканын маанилүү тармагы — жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнү белгиленет.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2024-жылы текстиль жана тигүү өндүрүшүндө 200гө жакын ишкана жана 3 миңге жакын жеке ишкерлер иштеп, 128 миңден ашуун адам иш менен камсыз болгон.

Негизги ишканалар Чүй облусунда, Бишкек жана Ош шаарларында топтолгон. Өткөн жылы аялдардын 18 миллиондон ашык жана эркектердин 5 миллион даанадан ашык кийимдери, 12 миллион жуп байпак, 4 миллион жуп бут кийим жана башка товарлар чыгарылды. Өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмү 20,5 миллиард сомду түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 15 пайызга көп.

Массалык өндүрүштөн тышкары кыргыздын салттуу кол өнөрчүлүгүн сактаган чакан ишканалар: шырдак, туш-кийиз, улуттук кийимдерди жана сувенирлерди чыгаруу өнүгүп жатат. 2024-жылы алар 34 миң улуттук килем жана 54 миң даана улуттук кийим чыгарышкан.