Апта башында бишкектиктерди эмне күтөт? 9-11-июнга карата аба ырайы

09:00, 09 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Аптанын башында ала булут каптап турат, шейшембиде күн күркүрөшү күтүлөт. Мындай божомолду синоптиктер билдирди.

9-июнда ала булут каптап турат. Түнкүсүн +17 градус жылуу болушу күтүлөт. Күндүз аба +37 градуска чейин жылыйт.

10-июнда түнкүсүн +19 градус. Күндүз жамгыр жаашы мүмкүн, термометр +32 градуска чейин гана көтөрүлөт.

11-июнда жаан-чачын күтүлбөйт, бирок ала булут каптайт. Күндүз +33 градуска чейин жылуу болору күтүлүүдө.