08:30, 09 июня 2025, Бишкек - 24.kg
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев кыргыз балбаны Орозобек Токтомамбетовго Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү унаа белек кылды. Бул тууралуу спортчунун күйөрмандары Instagram баракчасына билдиришти.
Камчыбек Ташиев кыргыз күрөш мектебинин өкүлүнө ыраазычылык билдирип, бул белек олимпиадага даярданууга жакшы түрткү болорун белгиледи.
Мурдараак маалымдалгандай, Орозобек Токтомамбетов Монголияда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Ulaanbaatar Open рейтингдик турниринде 74 кг салмакта коло байгеге ээ болгон. Ал Монголиянын өкүлүн жеңип, бирок Ирандын спортчусуна утулуп калган.