Тажикстандын Душанбе шаарында өткөрүлгөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Документтердин тизмеси:
— Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын Кеңешинин кезектеги отурумун өткөрүү жөнүндө;
— Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин ортосунда оор машина куруу тармактарын өнүктүрүүдө кызматташуу тууралуу Макулдашуу жөнүндө;
— Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин ортосунда жеңил өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү концепциясы жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы жөнүндө;
— Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин аба кыймылын башкаруунун улуттук системаларын гармонизациялоо концепциясы жөнүндө;
— Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин калкынын ден соолугун коргоо жаатындагы кызматташтыгынын концепциясы жөнүндө;
— 1994-жылдын 9-декабрындагы жумушчулар жашаган өлкөдөн тышкары жерде болгон өндүрүштүк кырсыктарды иликтөөнүн тартиби жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколу жөнүндө;
— Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин ыктыярчыларынын форуму жөнүндө;
— 2030-жылга чейинки мезгилге КМШга мүчө-мамлекеттердин аймактар аралык жана чек ара кызматташтыгынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу;
— Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен (бириккен) байланыш системасынын уюштуруу-техникалык түзүмүн түзүүнүн, куруунун жана иштешинин принциптери жөнүндөгү Жобо тууралуу;
— Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин мамлекеттик жана коомдук телерадиоберүү уюмдарынын жетекчилеринин кеңеши жөнүндө Жобо жаңы редакцияда;
— 2030-жылга чейин Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Коргоо министрликтеринин радиациялык, химиялык жана биологиялык абалына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча бирдиктүү тутумун өнүктүрүүнүн негизги багыттары жана иш-чаралары жөнүндө;
— Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин «Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде туризмди өнүктүрүү үчүн» төш белгисин белгилөө жөнүндө;
— Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык сотунун судьяларынын реестрине киргизилген судьялардын ишин камсыз кылуунун тартиби жөнүндө;
— 2016-жылдын 16-сентябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык соту жөнүндө КМШга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 2017-жылдын 26-майындагы чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу;
— Кадрларды дайындоо жөнүндө;
— «Уран казып алуудан жапа чеккен мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо» мамлекеттер аралык максаттуу программа жөнүндө;
— 2025-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарынын ишин финансылык жактан камсыз кылуунун айрым маселелери жөнүндө.