USD87.45EUR97.79RUB1.04
24.kg

Токмоктун 20 жаштагы тургунун тобу менен сабаган шектүүлөр кармалды

14:07, 05 июня 2025, Бишкек - 24.kg

3-июнда Токмак шаардык ички иштер башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында УКМК тарабынан Токмак шаарынын тургунун топ менен сабаган деп шектелген жарандар кармалды

Атайын кызматтан билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 27-майынан 28-майына караган түнү Токмок шаарындагы «Караван-Сарай» кафесинин аймагында 2005-жылы туулган Ж.Т. жаранга белгисиз адамдар тарабынан кол салуу болгон.

Бул факты боюнча жабырлануучунун жакындары арыздангандан кийин сотко чейинки иликтөө иштери башталган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында УКМКнын жана Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары С.Б., А.А. жана К.Н. аттуу 3 адам кармалды.

Кылмышка шектүүлөр Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, укук коргоо органдары тарабынан тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

Белгилей кетсек, жабырлануучу Улуттук госпиталдын бет-жаак хирургия бөлүмүндө жаак сыныгы диагнозу боюнча стационардык дарыланууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика