15:51, 03 июня 2025, Бишкек - 24.kg
Атайын кызмат Тышкы чалгындоо кызматынын кызматкерлери менен биргеликте пара талап кылган деген шек менен милиция кызматкерин кармады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине чет өлкөлүк жарандан ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери тарабынан жасалган мыйзамсыз аракеттер тууралуу арыз келип түшкөн.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.
УКМК менен ИИМдин Ички иликтөө кызматы биргелешип өткөргөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын улук ыйгарым укуктуу кызматкери Дж.М. кармалган.
Бир катар тинтүү иш-чаралы жүргүзүлүп, шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
"ИИМ өз катарында мыйзамдуулукту жана коррупциялык көрүнүштөргө чыдамсыз мамилени негизги принцип катары карманаарын баса белгилейт",-деп айтылат билдирүүдө.