Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун кол жазмалар китебинин бет ачары болот

11:54, 02 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Улуттук илимдер академиясында жазуучунун бүтпөй калган жана кол жазма чыгармаларынан топтолгон «Жазылбаган саптар жаңырыгы. Ч.Айтматовдун мурасы» аттуу жаңы китебинин бет ачары болот.

Иш-чара 5-июнь күнү саат 14:00дө болот.

УИА кыргыз эл жазуучусу, дүйнөлүк адабияттын көрүнүктүү инсаны Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык мурасы жаңыча өңүттөн ачылып жатканын белгилейт.

Фото Илимдер академиясы
Китепке жазуучунун бүтпөй калган «Флейта жана жер», «Өлтүрүлгөн уулу менен жолугушуу», «Алтын менен кар» аттуу чыгармалары кирген. Бул кол жазмалар окурманды Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык изденүүсүнө, терең ой жүгүртүүсүнө жакындатат. Түзүүчү жана кириш сөздүн автору Айтматов таануучу, академик Абдылдажан Акматалиев.