Мөөнөтүнөн мурда: Бүгүн Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгү ачылат

10:10, 02 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Чүй проспектисинин Лермонтов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгү 2-июнда оңдоо иштеринин мөөнөтүнөн үч жума мурда аяктаганына байланыштуу жолдун түндүк тарабына унаа кыймылы үчүн ачылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт. Жол тыгынын азайтуу үчүн шаар тургундарына жол жүрүү маршруттарын алдын ала пландап, мүмкүн болсо коомдук транспортту колдонуу сунушталат.

Белгилей кетсек, жол оңдоо жана бардык калыбына келтирүү иштери белгиленген графиктен мурда аткарылууда.