Бишкекте «Дүйнө элдеринин эпостору» фестивалы өтүп жатат

11:58, 29 мая 2025, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарында VIII Бүткүл дүйнөлүк «Дүйнө элдеринин эпостору» фестивалы өтүүдө. Анын салтанаттуу ачылышы бир күн мурун, 28-майда болгон.

«Манас» улуттук академиясынан кабарлашкандай, бул жолку фестиваль улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына арналат.

Иш-чарага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн окумуштуулар, дастанчылар жана маданият өкүлдөрү катышууда. Анын алкагында Эл аралык илимий симпозиум, көргөзмөлөр, маданий иш-чаралар жана концерттик программалар пландалууда.

«Манас» улуттук академиясы. VIII Бүткүл дүйнөлүк «Дүйнө элдеринин эпостору» фестивалынын ачылышы
30-май күнү иш-чара театрлаштырылган гала-программа жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи менен аяктайт.