USD87.45EUR98.38RUB1.04
24.kg

Кыргызстандан чет өлкөлөргө тоңдурулган жемиштердин экспорту 40 эсеге өстү

10:38, 29 мая 2025, Бишкек - 24.kg

2025-жылдын биринчи кварталында Кыргызстан тоңдурулган жемиштердин экспорту өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 40 эсеге өстү. Мындай маалыматтар Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында камтылган.

Маалыматка ылайык ылайык, 2024-жылдын январь-март айларында 20,5 миң долларга 4 тонна гана тоңдурулган мөмө-жемиш экспорттолгон. 2025-жылдын ушул эле мезгилинде жеткирүүнүн көлөмү 155,4 тоннага чейин көбөйгөн.

Кыргыз Республикасынан тоңдурулган жемиштердин негизги сатып алуучулары КМШ өлкөлөрү болгон. Азыктардын басымдуу бөлүгү Өзбекстанга — 59 тонна, Казакстанга — 57,3 тонна, Орусияга — 39,1 тонна жөнөтүлгөн.

Экспорттун олуттуу өсүшүнө логистиканын олуттуу жакшырышы жана тоңдурулган азыктарды сактоо үчүн кампалардын ачылышы болду. ,Ошондой эле мөмө-жемиштерди кайра иштетүү көлөмүнүн көбөйүшү таасир эткен.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика