Ош облусунда эки ирригациялык канал пайдаланууга берилди
13:12, 28 мая 2025, Бишкек - 24.kg
Ош облусунун Ноокат районунда жайгашкан «Сапарбаев-1» жана «Сапарбаев-2» чарбалар аралык каналдары пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги. “Сапарбаев-1” жана “Сапарбаев-2” каналдары пайдаланууга берилди
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул каналдар Ноокат районунун Көк-Жар, Төөлөс жана Он-Эки-Бел айыл аймактарын сугат суу менен камсыздайт. Сапарбаев-1 каналынын узундугу 8,45 км, жалпысынан 2 333 гектар жерди сугат суу менен камсыздайт.
Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги. “Сапарбаев-1” жана “Сапарбаев-2” каналдары пайдаланууга берилди
"Канал аркылуу Көк-Жар жана Төөлөс айыл аймактарындагы МИ, Абшыр-Таңы жана Төөлөс-Ноокат суу пайдалануучулар ассоциацияларынын (СПА) жерлерине сугат суу жеткирилет. Ал эми Сапарбаев-2 каналынын жалпы узундугу: 20,4 км жана 2 075 гектар жерди сугат суу менен камсыздайт",-деп айтылат маалыматта.