КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнө автоунаалар тапшырылды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы жабдуулар кызматтык колдонууга арналган жана жеринде адистердин алдында турган көйгөйлөрдү тез арада чечүүгө жардам берет. Анын ичинде жаратылыш объекттерине мониторинг жүргүзүү, экологиялык көзөмөл жана техникалык көзөмөл.
Саамалыктын жүрүшүндө министр министрликтин аймактык түзүмдөрүн системалуу колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
"Мындай каржылык жардам эмгек шарттарынын жакшырышына гана эмес, айлана-чөйрөнү коргоо тармагында көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жалпысынан жакшыртууга шарт түзөт",-деди ал.