21:54
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Жалал-Абад облусунда 64 жаштагы аялды издөө иштери уланууда

Аксы районунун Кара-Камыш айыл аймагына караштуу Чат айылынын тургунун издөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аялдын кийими А.Б. Кара-Суу дарыясынын жээгинен табылып, ал жок болгондугуна байланыштуу дарыянын жээгинде издөө иштери 26-майда башталган.

Окуя болгон жерде издөө иштерин капитан Нурболот Калганбек уулунун жетекчилиги астында Аксы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы жүргүзгөн.

Бүгүн издөө иштери саат 6:00дө улантылды. Иш-чарага райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн, райондук ички иштер бөлүмүнөн жана жергиликтүү тургундардан 60 адам тартылган. Издөө иштери дрондун жардамы менен жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар