Кыргызстандын параспортчулары биринчи жолу теннис боюнча мелдешке катышат

14:44, 26 мая 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын параспортчулары биринчи жолу теннис боюнча эл аралык турнирге катышат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине турнирдин катышуучусу Аскар Турдугулов билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-майдан 7-июнга чейин Астанада (Казакстан) Борбор Азияда биринчи жолу ITF Futures коляскадагы теннис боюнча эл аралык турнир өтөт.

Тарыхта биринчи жолу Кыргыз Республикасынын спортчулары Аскар Турдугулов (Оскар Раис) жана Света Эсенказиева катышат. Бул алардын дебюту болот.

Аскар Турдугуловдукку
Спортчулар белгилегендей, бул алар үчүн сыймык гана эмес, жоопкерчилик дагы себеби өздөрүнүн атын чыгарууга жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар дүйнөлүк деңгээлде ийгиликтүү оюн көрсөтүп, башкаларга үлгү көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк болуп саналат.

Турнирге 11 өлкөнүн, анын ичинде АКШ, Жапония, Австралия, Франция, Түштүк Корея, Индия жана Казакстандан пара-спортчулар катышат. Жарыялангандардын арасында дүйнөлүк рейтингдин алдыңкы жүздүгүнө кирген жети спортчу бар. Бул алдыдагы беттештердин жогорку деңгээлин тастыктап турат.

Аскар Турдугулов жана Света Эсенказиева машыктыруучуга, теннис клубуна жана сапардын демөөрчүлөрүнө чын жүрөктөн ыраазычылыктарын билдиришет. «Бул жөн гана спорт эмес. Бул — өзгөрүүгө, инклюзияга жана бирдей мүмкүнчүлүккө ишенүү жөрөлгө болуп саналат. Биз күрөшкө, үйрөнүүгө жана республикабызды сыймыктануу менен көрсөтүүгө даярбыз», — деп бөлүшүштү алар.