Дүйнөдө флора жана фаунанын миллион түрү жок болуп кетүү коркунучунда турат. Бул тууралуу БУУнун жаңылыктар кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, биологиялык ар түрдүүлүк чоң баалуулукка ээ болгон глобалдык жалпылык экенин таанып-билгенине карабастан, ал адамдын иш-аракетинин натыйжасында тездик менен азайып баратат.
Биологиялык ар түрдүүлүктүн эл аралык күнү жыл сайын 22-майда белгиленип, быйылкы жылдын темасы "Жаратылыш менен гармония жана туруктуу өнүгүү«деп аталат.
«Биологиялык ар түрдүүлүк — жашоонун пайдубалы жана туруктуу өнүгүүнүн негизи», — деп билдирди БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Биологиялык ар түрдүүлүк күнүнө карата кайрылуусунда. Бирок, анын айтымында, адамзат аны булгануу, климаттык кризис, экосистемаларды бузуу жана «кыска мөөнөттүү кызыкчылыктарды канааттандыруу» аркылуу чагылгандын ылдамдыгы менен жок кылууда.
Биологиялык ар түрдүүлүктү жоготуу глобалдык көйгөй, аны эч бир өлкө, канчалык бай же күчтүү болбосун, жалгыз чече албайт, деп баса белгиледи БУУнун башчысы. Ошо сыяктуу эле, бир дагы өлкө бай биологиялык ар түрдүүлүксүз жашай албайт.