ТМУ саммити аяктады. Төрт документке кол коюлду

10:20, 22 мая 2025, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров  Будапешт шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын бейформал саммитине катышты. Саммит Кыргызстандын Уюмга төрагалыгынын алкагында өттү.

Иш-чаранын жыйынтыгында ТМУга катышуучу өлкөлөрдүн лидерлери төмөнкү документтерге кол коюшту жана кабыл алышты:

Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитинин Будапешт декларациясы;

«Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын ыйгарым укуктарын узартуу»жөнүндө чечим;

«Өзбекстан Республикасынын Түрк маданияты жана мурасы фондуна кошулуусу жөнүндө» чечим;

Афганистан боюнча Мамлекет башчыларынын кеңешинин билдирүүсү.