Көк бөрү федерациясынын экс-президенти Талас Бегалиев кармалды. Себеби

17:15, 19 мая 2025, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти Талас Бегалиев кармалды. Маалыматты 24.kg агенттигине укук коргоо органдарындагы өздүк булак тастыктады.

Кармоону укук коргоо кызматкерлери УКМК менен биргеликте жүргүзгөн.

Фото Интернеттен алынды. Талас Бегалиев

Бишкектин Октябрь райондук сотунун басма сөз кызматы 24.kg басылмасына билдиргендей, Талас Бегалиевге жана дагы эки адамга карата баш коргоо чарасы 16-майда тандалган, 12-июлга чейин СИЗОго камакка алуу.Б.Т.К. (Талас Бегалиев), Т.А.Т. жана Т. уулу Ч. аттуу жарандар КР Кылмыш-жаза кодексинин «кылмыштуу коомду түзүү же ага катышуу» беренеси боюнча шектелип кармалган.