ЖККУ ПАга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилери «Ала-Арча» паркына барышты

08:45, 19 мая 2025, Бишкек - 24.kg

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Кеңешинин жыйынына келген Россиянын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин, Казакстандын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошанов жана Тажикстандын Оли Мажлиси намояндагон Мажлисинин Төрагасы Файзали Идизода менен бирге “Ала-Арча” жаратылыш паркына барды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Ардактуу конокторго кыргыз элинин маданиятын чагылдырган программа тартууланып, руханий баалуулуктарыбызды даңазалаган оюн-зоок көрсөтүлдү. 

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Эскерте кетсек, эртең 19-майда ЖККУ ПАнын Кеңешинин жыйыны өтөт. Жыйынга Жогорку Кеңештин Төрагасынан тышкары Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Беларусь Республикасынын парламенттеринин жетекчилери катышат.