8-майга карата аба ырайы

18:20, 07 мая 2025, Бишкек - 24.kg

Эртең, 8-майда күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Ал эми Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу аймактарында түндө жаан жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +12...+17, күндүз +30...+35;

Талас жергесинде түнкүсүн +10...+15, күндүз +29...+34;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +15...+20, күндүз +32...+37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +23...+28;

Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +6...+11; күндүз +25...+27;

Ал эми борбор калаа Бишкекте түнкүсүн +15... +17, күндүз +33... +35 градус ысык болот.