Свердлов РИИБдин тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды

10:51, 01 мая 2025, Бишкек - 24.kg

Бишкекте атайын кызмат тергөөчүнү пара алып жаткан жеринен кармады. Бул тууралуу 24.kg басылмасына күч түзүмдөрүндөгү өз булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, Свердлов РИИБдин тергөөчүсү жарандан 150 миң сом талап кылган. Ал мурунку күнү, 30-апрелде кечинде 80 миң сом алып жаткан жеринен кармалган.