Шашылыш билдирүү! Туруксуз аба ырайы болуп, сел жүрүшү мүмкүн

13:13, 30 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

1-2-май күндөрү республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда, ошондой эле 3-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мүмкүн болгон локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү ыктымал, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Андыктан ӨКМ бул күндөрү тоолордо, кооптуу аймактарда эс алуудан алыс болууга чакырат жана сел каналдарын, арыктарды тазалап, сууунун өтүшүнө шарт түзүү керектигин эскертет!