11:39, 30 апреля 2025, Бишкек - 24.kg
КР УКМК Балыкчы шаарындагы канаттуулар фабрикасы жана чарбалык курулуштар жайгашкан 10 гектар жер тилкесин мыйзамсыз пайдалануу фактысын аныктады.
Ошентип, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен жогоруда аталган жер тилкеси имараттар менен бирге мамлекеттик баланска кайтарылган.