11:12, 30 апреля 2025, Бишкек - 24.kg
Бүгүн, 30-апрелде парламенттин жалпы жыйынында «Ата Журт Кыргызстан» фракциясы Жогорку Кеңештин вице-спикерлигине депутат Жылдыз Садырбаеванын талапкерлиги көрсөтүлдү.
Талапкер 1970-жылы 29-мартта Нарын шаарында төрөлгөн. 1993-жылы И.Павлов атындагы Санкт-Петербург медициналык институтунун жалпы медицина факультетин «Жалпы медицина» адистиги боюнча бүтүргөн.
1997-жылы «Жылдыз-Фарм» ишканасын негиздеген (2009-жылы «Фармамир» ЖЧКсы болуп өзгөртүлгөн). 2003-2021-жылдары — «Эляй» ЖЧКсынын директору. 2021-жылы «Ата Журт Кыргызстан» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү. Үч баланын энеси.
24.kg агентигинин маалыматына караганда, Гүлсүнкан Жунушалиева дагы парламенттин вице-спикерлигине ат салышууда.
Эске салсак, Жамиля Исаева Жогорку Кеңештин вице-спикерлик кызматынан өз каалоосу менен кеткен.