10:20, 30 апреля 2025, Бишкек - 24.kg
Гүлсүнкан Жунушалиева парламенттин вице-спикерлигине ат салышууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Жогорку Кеңештен билдиришти.
Эске салсак, жакында эле Жамиля Исаева Жогорку Кеңештин вице-спикерлик кызматынан кеткен.
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин бош калган депутаттык мандатын Гүлсүнкан Жунушалиевага өткөрүп берген.