Бүгүн Бишкектин бир бөлүгүндө муздак суу өчүрүлөт

08:30, 30 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 30-апрелде саат 9:00дөн 00:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

Өчүрүү аймагы төмөнкүлөр менен чектелет:

Ала-Арча дарыясы — темир жол линиясы — Жибек Жолу проспектиси — Жаш Гвардия бульвары;

Жаш Гвардия бульвары — темир жол линиясы — Фрунзе көчөсү — Манас проспектиси;

Дэн Сяопин проспектиси — Ала-Арча дарыясы — Бөкөнбаев — Кулиев — Москва — Фучик — Казаков көчөлөрү.

Өчүрүү «Запад-2» суу алгыч жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу.

Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.