11:42, 21 апреля 2025, Бишкек - 24.kg
Милиция кызматкерлери коомдук транспортто чөнтөк уурулук кылган шектүүнү кармашты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Шектүү «Мал ууру» рейдинин жүрүшүндө аныкталган. Анда мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 32 жаштагы Р.А. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Укук коргоо кызматкерлери анын башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгын аныктоодо.