Бишкекте ала булут каптап, күн күркүрөшү мүмкүн. 21-23-апрелге карата аба ырайы

08:30, 21 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Бишкекте аптанын биринчи жарымында ала булут каптап, жамгыр жаашы күтүлөт. Мындай божомолду синоптиктер билдирди.

21-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн +5 градус жылуу болот. Күндүз +22 градуска чейин жылыйт.

22-апрелде жаан жаап, күн күркүрөшү, күндүз +23 градуска чейин ысышы күтүлөт. Түнкүсүн +7 градус жылуу.

23-апрелде ала булут каптап турат, жаан жаашы мүмкүн. Түнкүсүн термометр +7 градуска чейин төмөндөйт. Күндүз +22 градуска чейин жылыйт.

Бирок 24-апрелде аба ырайы өзгөрүп, күн ачык болот.