Бишкек мэриясы шаардык кызматтарга жумушчуларды чакырат. Тизме

18:27, 18 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Шаардык кызматтарга кызматкерлер керек? Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасына 500дөн ашык айдоочу талап кылынат.

Орточо айлык акы: 50 000 — 55 000 сом.

Кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлерге кайрылыңыз:

0 (312) 53 17 89, 0 (312) 53 48 19 (кадрлар бөлүмү).

«Бишкекжашылкурлуш» муниципалдык ишканасына 300дөн ашык кызматкер талап кылынат.

Айлык акы: 25 000 — 40 000 сом.

Маалымат үчүн байланыш телефондору:

0 (312) 37 53 32, 0 (555) 448 884 (WhatsApp).

«Тазалык» муниципалдык ишканасына коомдук жайларды тазалоочулар, жүктөгүчтөр жана сезондук жумушчулар талап кылынат.

Жалпы бош орундардын саны: 241.

Айлык акы: 15 000 — 35 000 сом.

Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыз:

Ростов көчөсү, 19б.

Телефон: 0 (555) 977 981.

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасына инженерлер, жол жумушчулары, машинисттер жана айдоочулар талап кылынат.

Бош орундардын саны: 92.

Айлык акы: 25 000 — 50 000 сом.

Маалымат үчүн байланыш номери: +996 (555) 888 243.

«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасына электрмонтерлор жана эксковатор айдоочусу талап кылынат.

Айлык акы: 33 000 сомдон жогору.

Маалымат алуу үчүн:

0 (312) 65 08 15, +996 (700) 004 049,

Дарек: Бөкөнбаев көчөсү, 232.