18:17, 18 апреля 2025, Бишкек - 24.kg
Садыр Жапаров Эрнисбек Зарнаевди Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындоо тууралуу тескемеге кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейинки директор Асылбек Сатывалдиев ээлеген кызматынан бошотулду.
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун юридикалык факультетин аяктаган. Бул кызматка дайындалганга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган. Юстиция министрлигинен билдиришкендей, ал «Бетон-Кей Г» ЖЧКсынын директору болгон.