Шашылыш билдирүү: Кыргызстандын түндүгүндө үшүк жүрүшү күтүлөт

14:50, 17 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Эртең, 20-апрелде Кыргызстандын түндүк аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 0...-2ге чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.

 «Мындай үшүк мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн гүлдөөчү бүчүрлөрүнө жана  гүлдөөчү мөмө бадалдарына жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнө кооптуу», - деп айтылат маалыматта.