17-апрелге карата аба ырайы

18:10, 16 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 17-апрелде Баткендин көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1...6, күндүз 19...24;

Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 7...12, күндүз 21...26;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1...6, күндүз 13...18;

Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 13...18;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −8...-13, күндүз 2...7 градус болот.

Бишкек шаарында жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 4...6°, күндүз 21...23° болот.