Кыргызстанда үшүк жүрүшү күтүлөт

15:14, 16 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда үшүк болорун Кыргызгидромет билдирди.

Эртең, 17-апрелде түнкүсүн жана эртең менен абанын температурасы Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 0...-2 градуска чейин төмөндөйт.

Мындай үшүк мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн гүлдөгөн бүчүрлөрү, гүлдөгөн мөмө бадалдары жана мөмө өсүмдүктөрү үчүн коркунуч жаратат.