Бишкекте кене чаккан 19 адам дарыгерлерге кайрылган. Бул тууралуу «Биринчи радионун» түз эфиринде борбордогу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиологу Азамат Жумгалбеков билдирди.
Анын айтымында, кене вирустун алып жүрүүчүсү болгондуктан, бир гана жабырлануучу иммуноглобулин алган. Жалпысынан учурда борбордо кене энцефалити боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу жана кооптонууга негиз жок.
«2024-жылы Бишкек шаары боюнча жалпысынан 511 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинен 106сы шаар сыртынан келген жарандардан. Анын ичинен 53 адамда кене энцефалит менен ооруганы аныкталган. Бул 2023-жылга салыштырмалуу көп. Токмак токой чарбасы жана башкалар», — дейт Азамат Жумгалбеков.
Кене энцефалитинин спецификалык (вакцинация) жана спецификалык эмес профилактикасы бар экенин кошумчалады.
«Биз коркунучтуу топторду (жоочулар, токойчулар, Кыргыз улуттук университетинин биология-геология факультетинин студенттери) гана эмдөөдөн өткөрөбүз. Андыктан жаратылышка чыгуучу жарандарга кенелердин теринин ачык жерлерине кирип кетпеши үчүн жабык кийим кийүү жана репелленттерди колдонуу сунушталат», — деди дарыгер.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда 2024-жылы кене чаккандан кийин жалпысынан 1014 адам медициналык жардамга кайрылган.
Кене энцефалити — биринчи кезекте борбордук нерв системасын жабыркатуучу курч жугуштуу вирустук оору. Анын кесепети майыптыкка, ал тургай өлүмгө алып келиши мүмкүн.
Кене энцефалитинде адам алгач алсыз жана начар сезет. Болжол менен бир жумадан кийин бул белгилер өтүп кетиши мүмкүн, бирок андан кийин катуу баш оору жана жогорку температура менен мүнөздөлгөн экинчи фазасы башталат.