Шашылыш билдирүү: Кыргызстанда нөшөрлөгөн жамгыр, сел жүрүшү күтүлөт

13:06, 15 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 16-апрелден 19 — апрелге чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.