Кыргызстандын хоккей боюнча курамасы дүйнө чемпионатына катышат. Ырааттама

09:00, 15 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Хоккей боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын курама командасы «А» тайпасында үчүнчү күчтүү дивизиондо күч сынашат.Бул тууралуу спорттун бул түрү боюнча федерация социалдык тармактарда билдирди.

Турнир 21-27-апрель күндөрү Стамбулда өтөт.

Кыргызстандын курама командасы Босния жана Герцеговина, Түштүк Африка, Люксембург, Түркмөнстан жана Түркиянын командалары менен беттешет.

Фото

Белгилей кетсек, биринчи орунду ээлеген команда экинчи дивизионго (Б тобу) жолдомо алат.