09:17, 14 апреля 2025, Бишкек - 24.kg
2025-жылы Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулуш иштери башталат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Нарын электр тармактар ишканасынын имаратынын курулушуна капсула салуу аземинде билдирди.
Энергетика министрлигинин башчысы модернизациялоодон кийин Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 240 мегаваттка көбөйүп, Үч-Коргондогу ар бир агрегат кошумча 9 мегаватт энергия берерин кошумчалады.
«Кайсы жерде электр станциясы, күн, шамал, кичи же чоң ГЭС курулса, өндүрүлгөн энергиянын 1 пайызы жергиликтүү тургундарга социалдык жардам катары берилет», — деди чиновник.