Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн күрөөнүн ордуна шайлоо төлөмү киргизилет. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram каналында билдирди.
Анын айтымында, салымдын өлчөмүн 300 миң сом деп белгилөө сунушталууда.
«Мен бул туура эмес деп эсептейм жана мен сумманы талашып келе жатам.Анткен менен биз андай акчасы жок адамдардын шайлоого катышууга теориялык мүмкүнчүлүгүн да иш жүзүндө кыскартып жатабыз, бул жаман», — деди депутат.
Анын айтымында, бул чектөөлөр бардыгы эле шайлоого катыша албашы үчүн киргизилип жатат.
Белгилей кетсек, учурда өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсү 100 миң сомду түзөт. Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышы, Дастан Бекешевдин айтымында, бир мандаттуу депутаттардан гана түзүлөт.